КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Рак оорусу менен жабыркаган кылмышка шектүүнү Ош шаарындагы тергөө изоляторуна которууга каршы болушту

Рак оорусу менен жабыркаган кылмышка шектүүнү Ош шаарындагы тергөө изоляторуна которууга каршы болушту

КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери жана атайын тартылган эксперттери Кадамжай районунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына ар тараптуу текшерүү жүргүзүү менен алдын ала барышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, 27-октябрда экстремисттик уюмду түзүүгө шектелип (КР КЖК 314б.) кармалган 46 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургунун саламаттыгы начарлыгын жүйөө келтирип, Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторуна кабыл албай коюшкандыгы анык болду.

Убактылуу кармоочу жайдын башчысынын айтымында, аталган жаранды Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери текшерүүгө алышкан. Алар К.С.ке операция талап кылынаарын айтып, ага – уйку безинин рагы диагнозун коюшуп, аталган илдеттин натыйжасында механикалык сарык да пайда болгондугун тастыкталган.

«Бирок которуу учурунда ал кишини Оштогу тергөө изоляторуна киргизбей коюшкандыктан, бейтапты кайрадан Кадамжай районунун убактылуу кармоочу жайына алып келишкен. Азыркы тапта кылмышка шектүүнүн абалы өтө начар. Мыйзамга ылайык, аны №5 тергөө изоляторуна которуу зарыл. ЖАМКнын мекемелеринде убактылуу кармоочу жайга салыштырмалуу квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк», – деп баса белгилешти КР КАУБнын аймактык өкүлчүлүгүнөн.

Улуттук борбордун кызматкерлери компетенттүү органдардан бул ишке көңүл буруп, кармалган адамга карата катаал, адамкерчиликсиз мамилеси жана аракетсиздиги үчүн жооптуу кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну суранышат.

Кыйноолор боюнча билдирүү