Тарыхы
Кыргызстан 2008-жылдын 29-декабрында Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенциянын Факультативдик протоколуна кошулду (КККФП).
КККФПни рафицикациялагандан кийин мамлекет эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына туруктуу барууну жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук алдын алуу механизмин (УАМ) түзүү милдеттенмесин өз мойнуна алат.
2012-жылдын июлу – КР “Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазанын түрлөрүнө жол бербөө боюнча Улуттук борбор жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган.
2012-жылдын августу – Акыйкатчы Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн Улуттук борбордун Координациялык кеңешине кандидаттар жөнүндө сунуштарды кароо жана мүчөлөрдүн тандалышын өткөрүү боюнча жумушчу комиссия жөнүндө жобону киргизди
2012-жылдын октябры – Жумушчу комиссия жөнүндө жобону бекитүү
2013-жылдын январы – Жумушчу комиссиянын курамы бекитилди, ага КР Жогорку Кеңешинин 4 депутаты, Акыйкатчы, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана илимий кызматкерлер киргизилди.
2013-жылдын февралы – Жумушчу комиссия Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин 8 мүчөсүн шайлады. Бул тууралуу кошумча маалыматтарды карасаңыздар болот (анын ичинде фото сүрөттөр).
2013-жылдын апрели – Жумушчу комиссия Улуттук борбордун Координациялык кеңешине Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан 2 мүчөнү шайлады.
2013-жылдын августу – Координациялык кеңеш ачык конкурстан кийин Улуттук борбордун директорун шайлады.
2013-жылдын октябры – КР Өкмөтү Улуттук борборго жай бөлүп берди.
2014-жылдын марты – Координациялык кеңеш ачык конкурстан кийин Улуттук борбордун кызматкерлеринин көп бөлүгүн шайлады.
2014-жылдын июлу – Координациялык кеңеш ачык конкурстан кийин Улуттук борбордун калган кызматкерлерин шайлады. Азыркы күндө дагы 6 ваканттык кызмат орду бош.
Коомдук желелерде бизди ээрчигиле