КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Ала-Бука РИИБнин убактылуу кармоочу изоляторлорундагы жарандар белгиленген мөөнөттөн ашыкча кармалышат

Ала-Бука РИИБнин убактылуу кармоочу изоляторлорундагы жарандар белгиленген мөөнөттөн ашыкча кармалышат

Кыргызстандагы кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КР КАУБ) Жалал-Абад облусундагы өкүлү А.Эрматов, борбордун регионалдык эксперти М.Апсатаров баштаган КР КАУБ тарабынан тартылган К.Эргешбаев, Э.Иванова жана Э.Бакировдордон турган топ 8-июлда Ала-Бука РИИБнин убактылуу кармоочу жайына барып, алдын ала кароо иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө алар аталган жайдагы адамдарды кармоодо мыйзам бузуулар бар экенин аныкташкан.

Убактылуу кармоочу жайда КР Кылмыш-жаза кодексинин 136 жана КР Жазык-процессуалдык кодексинин 75 беренесине ылайык А.У жана Кылмыш жаза кодексинин 266  беренеси менен айыпталып жаткан И.Т. сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалып жатат. 4-июнда сот алардын камакка алуу убактысын 2 айга узартуу чечимин кабыл алган жана 10 күндөн кийин алар СИЗОго жөнөтүлүшү керек болчу.

“Бирок, мыйзамдын талабы боюнча, бул эки киши али күнчө тергөө изоляторуна которула элек. Кыргыз Республикасынын “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө ” Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, кылмышка шектүү деп кармалган адамдарды УКМКнын же ИИБнын алдындагы убактылуу кармоочу жайда кармоо  каралган. Ушул эле берененин шилтемесинде сот адамды камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын кабыл алса, анда ал кармалган адам тергөө изоляторуна которулат деп айтылат. Аны тергөө изоляторунан – убактылуу тергөө изоляторуна тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү мезгилинде гана, бир айдын ичинде 10 күндөн ашык эмес мөөнөткө которууга болот. Мындан тышкары, убактылуу кармоочу жайлардын ички эрежелерине ылайык (1.1-берене), КРнын Жазык-процессуалдык кодексинде белгиленген тартипте түзүлгөн камакка алуу протоколу шектүүнү убактылуу кармоочу жайга жайгаштыруу үчүн негиз болуп саналат. Эгерде Кылмыш жасоо жагынан айыпталгандар тергөө аракеттерин аткаруу, иштерди тергөө изоляторлору турган калк жашаган конуштардан башка жерлердеги сотто кароо үчүн зарыл болгондо, аларды ал жерден күн сайын алып келүү мүмкүн болбогондо, аталган аракеттерди жана сот процессин аткаруу мезгилине, бирок бир айдын ичинде он суткадан ашпаган мөөнөткө УКИге которулушу мүмкүн.”– деп билдиришти улуттук борбордун аймактык өкүлдөрү.

Мындай фактылар жабык мекемелерде бардык жерде кездешээрин адистер белгилешет.

КР “Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбор тууралуу” мыйзамынын негизинде, КР КАУБнун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү А. Эрматов, мыйзам бузуу фактылары боюнча тергөө жүргүзүү жана Ала-Бука районунун РОВД кызматкерлерине карата мыйзамга ылайык чара көрүү жөнүндө өтүнүчүн билдирип, Жалал-Абад шаарынын прокурору Малик Бектургановго арыз менен кайрылды.

Кыйноолор боюнча билдирүү