Конкурс жарыяланат! Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору
«Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын тγрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренсине ылайык төмөнкү бош кызматтык орунга конкурс жарыялайт:
- Борбордук аппарат:
– алдын ала баруу бөлүмүнүн эксперти – 1 бош орун.
Алдын ала баруу бөлүмүнүн эксперттинин кызматына көрсөтүлүп жаткан талапкерге коюлуучу талаптар:
Жогорку билимдүү, юрист, педагог, дарыгер, психолог, психиатр, социалдык кызматкер болуп иштөө тажрыйбасы, ошондой эле мигранттар, жашы жетелектер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу коомдун алсыз топтору, этностук жана тилдик азчылыктар менен иштөө тажрыйбасы бар, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын башкарууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун кесипкөй тажрыйбасы же эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, аракетке жөндөмдүү адам Улуттук борбордун кызматкери болуп шайлана алат.
Квалификациялык талаптар
Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин;
– «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
– Кыйноолорго жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенцияны;
– Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты;
– Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген).
Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер:
- Жеке арыз.
- Кадрларды каттоо жөнүндө барагы, сүрөт 3*4.
- Паспорт же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү.
- Кесиптик билим, иш тажрыйбасы жана сапаттарын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимий окутуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, кадрларды башкаруу боюнча кызматтардын ишинин нотариус же иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн).
- Соттолбогондугу тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМнен маалым кат.
- Мурунку жумуш ордунан, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдар тарабынан сунуш кат.
Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт.
Документтердин түп нускалары салыштырып текшерүү үчүн талапкерлер тарабынан Координациялык кеӊештин мүчөлөрүнө анын жыйынында сунушталат.
Конкурска катышууга талап кылынган документтер 2021–жылдын 17–мартына чейин төмөнкү дарек аркылуу кабыл алынат: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 «Б», 7-кабат, 702-1-кабинет.
Кошумча суроолор боюнча – (0312) 66-37-18 телефону менен байланышса болот.
Коомдук желелерде бизди ээрчигиле