КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Конкурс жарыяланат ! Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору

Конкурс жарыяланат ! Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору

«Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жанажазанын тγрлөрγнγн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнγндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесине ылайык уставдык иш-аракети адам укугун жана эркиндигин коргоо менен байланышкан же адам укугун коргоодо көмөк көрсөткөн коммерциялык эмес (бей өкмөт) уюмдарына Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеӊешинин үч мүчөсүнө конкурс жарыялайт.

Координациялык кеӊештин мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүүчү коммерциялык эмес (бей өкмөт) уюмдарына талаптар:

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык, уставдык иш-аракети адам укугун жана эркиндигин коргоо менен байланышкан же адам укугун коргоодо көмөк көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  органдары жана жергиликүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан түзүлбөгөн, каржыланбаган жана башкарылбаган уюмдар Координациялык кеӊешке бир адамды  талапкерликке көрсөтүүгө укугу бар.

 

Коммерциялык эмес (бей өкмөт) уюмдары тарабынан сунушталган талапкерлерге коюлуучу  талаптар:

             Улуттук борбордун Координациялык кеӊешинин курамынын мүчөлүгүнө бей өкмөт уюмунун талапкерин көрсөтүү тууралуу чечимине тиркелет:

  • Жеке арыз;
  • талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
  • дипломдун көчүрмөсү;
  • тажрыйбасына туура келүүчү ишин аныктоочу эмгек китепчесинин барактарынын көчүрмөсү, же коммерциялык эмес (бей өкмөт) уюмунан иш тажрыйбасын тастыкчоочу кат;
  • коммерциялык эмес (бей өкмөт) уюмдун адам укугун жана эркиндигин коргоо чөйрөсүндө иштөөсү тууралуу уставынын көчүрмөсү;
  • соттолбогондугу тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМнен маалым кат;
  • бей өкмөт уюму тарабынан талапкердин акыркы 5 жыл ичинде кыйноолордон азап тарткан, кадыр-баркы басмырланган адамдардын укугун коргоодо юрисдикциялык жөндөмдүүлүгү колдонулгандыгы тууралуу далилдөөчү иш кагазы (документ): кыйноо же кадыр баркты басмырлаган далилдердин негизинде укук коргоо органдарына каттоодон өткөн кайрылуусунун, кыйноо же кадыр-баркты басмырлаган далилдери бар кылмыш иши четке кагылган учурларда каршы чыгып талашкан арызынын көчүрмөсү;
  • бей өкмөт уюмдун акыркы 5 жыл ичинде эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында текшерүү (мониторинг) жүргүзгөндүгү тууралуу отчетунун көчүрмөсү;
  • башка 3 (үч) бей өкмөт уюмдарынан сунуштамалар.

Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт.

Жободо талап кылынуучу документтердин түп нускалары комиссиянын мүчөлөрү аркылуу салыштырып текшерүү үчүн талапкерлер тарабынан Комиссиянын чогулушунда сунушталат.

Конкурска катышууга талап кылынган документтер 2021–жылдын             17-мартына чейин төмөнкү дарек аркылуу кабыл алынат: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 «Б», 7 кабат, 702-1-кабинет.

Кошумча суроолор боюнча (0312) 66-37-18 телефону менен байланышсаңыз болот.

 

 

Кыйноолор боюнча билдирүү