КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Баруулар боюнча отчеттор

Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамга ылайык (23-ст.) мезгил-мезгили менен баруулардын төмөнкүдөй түрлөрү өткөрүлөт:

  1. Ар тараптуу текшерүү менен баруулар;

  2. Орто аралыкта алдын алма баруулар;

  3. Атайын баруулар.

Ар бир баруу боюнча отчеттор, конфиденциалдуу жана жеке маалыматтарды эсепке албаганда, бул веб сайтта жайгаштырылат.

 

Ар тараптуу текшерүү менен баруулар боюнча отчеттор

Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө тутумун ар тараптуу талдоо жана баа берүү жана эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга көмөктөшкөн негизги себептерди ачуу максатын көздөйт.

Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен баруулар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси менен жеке аңгемелешүү, алар менен мамилеге тиешеси бар маалыматтарды, алардын макулдугу менен айрым адамдардын медициналык карталарын кошуп алганда, жазаларды берүү жөнүндө администрациянын буйруктарын жана тескемелерин, алардын көрсөтүлгөн жерлерде болушунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди үйрөнүү менен коштолот.

Орто аралыкта алдын алма баруулар боюнча отчеттор

Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына орто аралыкта алдын алма баруулар ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен баруулардын ортосундагы мезгилде алдын ала эскертүүсүз аныкталбаган убакыттын аралыгында жүзөгө ашырылат.

Арадагы алдын алма баруулардын максаты сунуштамалардын аткарылышын байкоодо жана эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдар, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын кызматкерлери алдын алма барууларды жүзөгө ашыруучу топ менен кызматташуу үчүн куугунтуктоолорго дуушар болбосуна кепилдик берүүдө турат.

Атайын баруулар боюнча отчеттор

Атайы баруулар кыйноолорду жана катаал мамиле колдонуу, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында өлүм фактысы жөнүндө ар бир билдирүү боюнча же айкын көйгөйлөрдү изилдөө үчүн жүргүзүлөт.

Кыйноолор боюнча билдирүү