КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

“Начар тамактануу, кысылуу жана сууктук”: Оштогу жатак мектептин тарбиялануучуларын кармоо шартын кыйноолорго салыштырышты

“Начар тамактануу, кысылуу жана сууктук”: Оштогу жатак мектептин тарбиялануучуларын кармоо шартын кыйноолорго салыштырышты

Кыйноолорду жана башка катаал мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун (КР КАУБ) Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен биргеликте В.В. Терешкова атындагы №11 жатак мектепте атайын текшерүү жүргүзүштү.
Өткөн кылымдын 60-жылдары бул жер аялдардын жатаканасы болгон. 1994-жылы алты гектар аянты жана болгон имараттары менен «Сема» Кыргыз-түрк лицейине убактылуу пайдаланууга берилген. Ал эми эки жылдан кийин жергиликтүү тургундар бул жерге жатак-мектеп ачуу өтүнүчү менен бийликке кайрылышкан. Үч кабаттуу имарат ушундай максатта берилген. Үстүбүздөгү жылдын январь айында бул мектепке дагы бир капиталдык оңдоп-түзөө талап кылынган имарат кошулуп берилген.
Бүгүнкү күнү 0,8 га аянтта жайгашкан бул билим берүүчү мекемеде жетим балдар, социалдык жактан аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жана мигранттардын балдарынан турган 458 окуучу окуса, алардын 350сү туруктуу жашап келет.
КР КАУБдун жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү үч кабаттуу имараттын окуу бөлмөлөрүн, жатаканасын, ашкана жана башка жайларын тешерип чыгышты. Мектептин биринчи кабатында ашкана, китепкана, мугалимдер бөлмөсү жана эс алуу бөлмөсү жайгашкан. Экинчи кабатында окуу класстары жана кыздар үчүн жатакана орун алса, үчүнчү кабатта эркек балдар жашап, окуп келишет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, эксперттик топ тарбиялануучуларды кармоо шарттарында бузуу фактыларын аныкташкан. Китепканада нымдуулуктун жыты урат. Жуунуучу бөлмө иштебегендиктен, окуучулар көптөн бери душка түшө албай келишет. Даараткана болсо, эшикте жайгашкан.

«Эс алуучу бөлмөдө жумшак эмерек, телевизор, оюнчуктар да жок. Бөлмөлөр жана коридор суук болгондуктан, абанын температурасы 17 градустан ашпайт. Төрт маал тамактануу үчүн жергиликтүү бюджеттен бир окуучуга күнүнө 60 сом гана бөлүнүп берилет. Ошондуктан тамак-аштын каллориясы аз болуп, белгиленген нормаларга жооп бербейт. Тагыраагы, ар бир окуучу үчүн белгиленген 50 граммдын ордуна 15 граммдан ашпаган эт берилет”- деп, билдирди Улуттук борбордун түштүк аймагы боюнча өкүлү Улугбек Абдулазимов.

Турак жайдын санитардык нормаларындагы бузуулар да белгиленди. Факт боюнча, 18 керебети бар уктоочу бөлмөдөгү ар бир балага эки кв.м аянт туура келсе, курулуш нормалары боюнча ал 4 кв.метрден кем болбошу керек. Окуу кабинеттеринин санитардык аянттары да талапка жооп бербейт. Аянты 36 кв.м болгон бир кеңседе 20 окуучу билим алат. Башкача айтканда, ар бир адамга 1,8 кв.м ашпайт, ал эми санитардык нормалар боюнча бир адамга 2,5 кв.м бөлүнүүсү тийиш. Мындай шарттар балдарга адамкерчиликсиз мамиле кылуу менен барабар дейт, КР КАУБ өкүлдөрү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борбордун облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери балдарды окутуу үчүн мектептин жаңы имаратын тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү сунушташты. Биринчи имаратты бир гана жашоо жана эс алуу үчүн колдонсо болот. Анын негизинде, бул билим берүү аянтында санитардык нормалардын бузулуулары жоголот. Ошондой эле эксперттер жуунуучу бөлмөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ар бир окуучунун тамак-ашына бөлүнгөн каражатты 120 сомго чейин көбөйтүү тапшырмасын беришти.

Кыйноолор боюнча билдирүү