КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыргызстан жана ККК ФП

Кыргызстан Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле же жазалоонун алдын алуу боюнча конвенциянын Факультативдик протоколуна 2008-жылдын 29-декабрында кошулган.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча ассоциациянын (Швейцария) пикири боюнча дүйнөдө УАМдын иштөөсүнүн бир нече модели бар:

  1. Кыйноолордун алдын алуу боюнча жаңы жана адистештирилген орган;
  2. Адам укуктары боюнча улуттук институт, анын ичинде Омбудсмендин бөлүмү, ал “Омбудсмен +” модели деп аталат;
  3. Жарандык коомдон милдеттүү түрдө кошулган уюмдар менен Адам укуктары боюнча улуттук институт;
  4. Улуттук алдын алуу механизминин милдеттерин аткаруучу бир нече уюмдун тутуму;
  5.  Башка түрү.

Ар бир мамлекет өзүнө ылайык келген эң эле натыйжалуу моделди тандайт. Кыргызстан өзүнө ылайык келген моделди тандады. Бул – кыйноолордун алдын алуу боюнча жаңы жана адистештирилген орган. Мындай модель 10 өлкөдө иштеп, өзүн эң мыктысы жана көз карандысыз модель катары көрсөтө алды. Бирок Кыргызстандын УАМ моделинде бир өзгөчөлүк бар – УАМ ишмердүүлүгүнө расмий түрдө жарандык коомдун уюмдары тартылган. Бунун себеби төмөнкүдөй: УАМдын жогорку органы – Координациялык кеңеш милдеттүү түрдө кыйноолорго жана катаал мамилеге каршы күрөшүү чөйрөсүндө жигердүү иштешкен коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрүнөн түзүлүүгө тийиш.

Ошондуктан Кыргыз Республикасы өзү үчүн өзгөчө модель аныктаганын тастыктоого мүмкүн. Бул модель – кыйноолордун алдын алуу боюнча жаңы, адистештирилген жана жарандык коомдун уюмдарын ишмердүүлүгүнө милдеттүү түрдө тарткан орган.

“Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле жана жазалоонун түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Улуттук борбор жөнүндөгү” мыйзамга  Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев 2012-жылдын 12-июнунда кол коюп, аны бекиткен.

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жарымы КККФП системасына кызыктар экендигин билгизди. 2014-жылдын февраль айына карата БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколун 72 өлкө ратификациялаган жана дагы кошумча 20 өлкө ага кол коюу аркылуу анын мүчөлөрү болуп калды. Дагы көптөгөн өлкөлөр өлкө ичинде КККФПни ратификациялоо жөнүндөгү талкууларды өткөрүүдө.

“Кыйноолордун алдын алуу – бул эмнелер болуп кетти жана булар кандайча болуп кетти жөнүндөгү маселелерди чечүү эмес, бул – мындай окуялар эмне себептен болду жана мындай окуяларды кандайча токтотсо болот деген маселелер”, –  деп, Кыйноолордун алдын алуу боюнча БУУнун комитетчесинин мүчөсү Виктор Родригез айткан.

Кыйноолор боюнча билдирүү