КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

ККК ФП деген эмне?

Кыйноолорго каршы конвенцияга карата факультативдик протокол (ККК ФП) – бул БУУ системасындагы адам укугун коргоо боюнча салыштырмалуу жаңы ыкма. Факультативдик протокол чара көрүүгө эмес, профилактикага басым жасайт. Ал бийлик органдарды күнөөлөөгө эмес, алар менен кызматташууга багытталган. Орун алган укук бузууларды тергөөнүн ордуна ККК ФП негизинде түзүлгөн органдар про-активдүү функцияларды аткарат: алар мекемелердин дарегине даттануулардын бар болушуна карабастан, ар убакта ар кандай жабык мекемелерге бара алышат.

Факультативдик протоколдун негизги идеясы төмөнкүдөй: жабык мекемелер канчалык ачык жана ишмердүүлүгү айкын болсо, аларда укук бузуулар ошончолук аз болот. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайлары аныктамасы боюнча жабык мекемелер болгондугу үчүн эркиндигинен ажыратылган адамдар өзгөчө аярлуу, кыйноолорго жана башка катаал мамилеге, ошону менен бирге адам укуктарынын бузулушунун башка түрлөрүнө кабыл болушу мүмкүн.

КККФПге кол коюлгандан кийин мамлекет улуттук алдын алуу механизмин (УАМ) түзүүгө милдеттенет жана ал жабык мекемелерге туруктуу түрдө барууларды өткөрөт. Эл аралык келишим биринчи жолу анын мамлекеттин ичинде иштешине өзгөчө маани берип, мамлекеттик органды кыйноолорго жана катаал мамилеге жол бербөө боюнча ыйгарым укуктары менен камсыз кылат.

БУУнун кыйноолордун алдын алуу боюнча комитетчеси (КАК) – бул КККФП тарабынан орнотулган баруу системасынын эл аралык бир бөлүгү. Бул орган да КККФПге катышкан мамлекеттердин жабык мекемелерине барат, мамлекеттик органдарга сунуштары берет жана УАКка көмөктөшөт. Факультативдик протоколдун жаңычылдыгы – анын УАК менен КАКтын ортосунда түз байланышты түзө алгандыгында. УАК, КАК жана катышуучу-мамлекеттин ортосундагы үч бурчтуу мамилелер жигердүү пикир алышууну камсыз кылат, анын түпкү максаты – жабык мекемелердеги адамдарды коргоо.

Кыйноолор боюнча билдирүү