КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

КР кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) директору Б.Рысбеков башында турган өкүлдөр Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына барышты

Андагы камераларга текшерүү жүргүзүлүп, 44 кишинин ( анын 6 аял жана 1 жашы жете элек өспүрүм) кармоодогу жашоо-шартына көңүл бурулду. Кармоодогу айрым кишилер менен баарлашуу жүргүзүлдү.  Анын катарында, 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтында массалык баш аламандыкты уюштурган деп айыпталган Жеңиш Молдокматов менен жолугушуу болуп өттү. Буга чейин Молдокматов ачкачылык  акциясын жарыялаган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндо ал дарыгерлердин сунушу жана туугандарынын, кесиптештеринин, коомчулуктун өтүнүчү боюна, учурда ал тамак иче баштаганын айтты. Тышкы текшерүүнүн негизинде, ал  жалпысынан алсырап, арыктап калгандыгы байкалды.

Кыйноолор боюнча билдирүү