КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кара –балта шаарындагы “Саламат” карылар үйүнөн мыйзам бузууларды табышкан жок

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кара –балта шаарындагы “Саламат” карылар үйүнөн мыйзам бузууларды табышкан жок

КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) өкүлдөрү Кара-Балта шаарындагы “Саламат” карылар үйүндө карыларды кармоонун адамгерчиликсиз шарттары жана катаал мамилеси тууралуу электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган билдирүүлөргө жана видеороликтерге карата таасир этишти.

29-июлда КР КАУБ кызматкерлери атайын мекемеге текшерүү менен келишти. Маалым болгондой, видео чындыгында үй-жайы жок адамдар үчүн кыш мезгилинде түнкүсүн баш  калкалоо үчүн берилген үйдөн тартылып алынгандыгы анык болду.

Иш сапардын жүрүшүндө улуттук борбордун өкүлдөрү КРнын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун облустук өкүлчүлүгүнө караштуу “Саламат” карылар үйүнүн жетекчилиги, улук медициналык персоналы жана анда жашаган улгайган адамдар менен баарлашуу жүргүзүштү.

Карылар үйүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, КР КАУБнын кызматкерлери андагы жашоо шартты жакшы, ал тургай ортодон жогору деп баалашты (республика боюнча ушул сыяктуу иштеген мекемелерге салыштырмалуу).

КРнын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн директору Мээрим Абдыкеримова билдиргендей, гуманитардык уюм карылар үйүн тамак-аш жана керектүү буюмдар менен камсыздап, мекемеге ар тараптуу колдоо көргөзүп турат.

«Мен видеороликти көргөндө эле дароо “Саламат” жөнүндө эмес, кеп селсаяктар үчүн түнкү баш паанек жөнүндө болуп жаткандыгын түшүндүм. Тилекке каршы, көптөгөн кыргызстандыктар тасмага түшкөн бөлмө карылар үйүнө эч кандай тиешеси жок экенин билбегендиктен, бардыгын чындык катары кабыл алышты. Тынчсызданган жарандар түшүнүк алыш үчүн биз менен байланышка чыгып жатышты. Ал эми биздин ишибизди жакындан билгендер, бул туура эмес маалымат экенин шыр эле түшүнүштү. Видеодогу имарат жергиликтүү муниципалитетке таандык. Ал жерде “Жашоо үчүн азык” фонду жайгашкан, анын ишмердүүлүгүнүн бир багыты – үй-жайы жокторду ысык тамак менен камсыз кылуу. Түнкү баш калкалоо суук мезгилде гана иш жүргүзгөндүктөн, азыр ал жабык турат. Бирок, имарат эч ким тарабынан кайтарылбагандыктан, каалаган адам ал аймакка кире алат», – деп түшүндүрдү, Мээрим Абдыкеримова.

Улуттук борбордо белгиленгендей, түнкү баш калкалоону кароого алуу КР КАУБ мандатына кирбейт. Баса, баш калкалоочу жайда бир гана кызматкер эмгектенет. Бул коомдук бирикме өзгөчө жардамга муктаж, айрыкча ушул объект балансында турган муниципалитеттин жардамы зарыл. Эң биринчи кезекте имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек. Бүгүнкү күнү “Жашоо үчүн азык” КУ бир гана анын жетекчиси жана жалгыз кызматкери болгон Нурдин Акматовдун шыктануусу менен иштеп жатат.

Эгерде сиз “Жашоо үчүн азык” КУна колдоо көрсөтүүнү кааласаңыз, анын башчысына телефон аркылуу байланышсаңыз болот: (+996) 552 47-89-64 (Нурдин Тойбаевич Акматов).

Кыйноолор боюнча билдирүү