КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Ош облустук прокуратурасы кыйноолорго каршы күрөшкөндөр менен өз ара иштешүүнү күчөтөт

Ош облустук прокуратурасы кыйноолорго каршы күрөшкөндөр менен өз ара иштешүүнү күчөтөт

1-ноябрда Ош облусунун прокурору Баймурза Маатов КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) директору Бакыт Рысбековду кабыл алды.

Жолугушууну КР КАУБ жетекчиси «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» мыйзамдын талаптарын аткаруу максатында демилгелеп чыккан. Аймактык көзөмөл органынын жетекчиси өлкөдөгү кыйноолордун практикалык абалы боюнча түз байланыш түзүү жана маалымат алмашып туруу сунушун колдоого алды.

«Жолугушуу учурунда, улуттук борбордун директору бүгүнкү күндө кыйноо көйгөйү адам укуктары жаатындагы эң курч маселелердин бири бойдон калып жаткандыгын жана натыйжалуу чараларды көрүүнү талап кылаарын билдирди. Ошондой эле Бакыт Рысбеков Ош облусундагы айрым жабык мекемелерге болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Өз кезегинде Баймурза Маатов бул багытта прокуратура органдары, айрыкча анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады», – деп билдиришти КР КАУБдан.

Мындан сырткары, борбордун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактылары боюнча арыздарды кароонун тартибине байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Облустук прокурор бул боюнча мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөтөөрүн айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттик органдын кызматташтыгынын форматын кайра карап чыгып, аны бекемдөө боюнча чараларды көрүүнү тура тапты. Мындан тышкары, Ош облусунун прокурору менен Кыйноолорго каршы күрөшүү борборунун жетекчиси аймактагы жабык мекемелердеги адамдарды кыйноого жана ырайымсыз мамиле жасоо көрүнүштөрүн жоюу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашышты.

Кыйноолор боюнча билдирүү