КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Президенттин Ош облусундагы өкүлү кыйноолорго каршы күрөшүү борборунун жетекчиси менен адам укуктары жаатындагы абалды талкуулады

Президенттин Ош облусундагы өкүлү кыйноолорго каршы күрөшүү борборунун жетекчиси менен адам укуктары жаатындагы абалды талкуулады

Ош облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 1-ноябрда КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) директору Бакыт Рысбеков баштаган өкүлдөр менен жолугушту.

КР КАУБнын жетекчиси президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө борбордун аймактык өкүлчүлүгү түзүлгөндөн баштап анын ишин колдоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондо эле ал уюмдун (анын ичинде Ош жана Ош облусу боюнча бөлүмдөрүн) өз алдынча жана көз карандысыз орган катары иштешинин зарылдыгын, облустук түзүмдөрдүн жетекчилери тарабынан аймактык өкүлчүлүккө көмөк көрсөтүү муктаждыгын белгиледи.

Талкууланган маселелердин катарында КР КАУБнын ишмердүүлүгү (анын ичинде COVID-19 пандемиясынын тушундагы иштер), Ош облусундагы эркинен ажыраган жана чектелгендерди кармоочу жайлардагы кармоонун шарттары жана кыйноолорду колдонуунун жагдайы тууралуу сөз болду. Ошондой эле кыйноолор боюнча кылмыш иштерин иликтөөдөгү кыйынчылыктар, борбордун кызматкерлеринин облустагы жабык мекемелерге кирүүсүнө карата бут тосуулар тууралуу талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты. КР КАУБнун жетекчиси президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ага чың ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалап өттү.

Өз кезегинде Зиядин Жамалдинов да борбордун жетекчисине жана кызматкерлерине жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирүү менен бирге, Ош облусундагы жабык мекемелерди кыдыруунун жыйынтыгында жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтары жана анализдери менен бөлүшүүнү суранды. Мындай маалыматтар менен бөлүшүп турууга КР КАУБ өкүлдөрү убада беришти.

Кыйноолор боюнча билдирүү