КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

(Рус) Сынак жарыяланат

(Рус) Сынак жарыяланат

Сынак жарыяланат!

Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча

Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору

 

«Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын тγрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 14 беренелерине ылайык төмөнкү  бош кызматтык орундарга конкурс жарыялайт:

 

  1. Борбордук аппарат:

– директор – 1 бош орун;

 

  1. Баткен областы боюнча аймактык өкүлчүлүк:
  • Аймактык өкүлчүлүктүн эксперти – 1 бош орун.

 

III. Ош шаары жана Ош областы боюнча аймактык өкүлчүлүк:

  • Аймактык өкүлчүлүктүн эксперти – 1 бош орун.

 

Директорлук кызматка көрсөтүлүп жаткан талапкерге коюлуучу талаптар:

Жашы 25 жаштан кем эмес, жогорку билими бар, жетекчи кызматтарда иштеген тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны Улуттук борбордун директору боло алат. Улуттук борбордун директору кызмат ордуна талапкерди тандоодо адам укуктарын коргоо жаатындагы иш тажрыйбасы артыкчылыктуу болуп саналат.

Аймактык өкүлчүлүктүн эксперти кызматтарына көрсөтүлүп жаткан талапкерлерге коюлуучу талаптар:

Жогорку билимдүү, юрист, педагог, дарыгер, психолог, психиатр, социалдык кызматкер болуп иштөө тажрыйбасы, ошондой эле мигранттар, жашы жетелектер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу коомдун алсыз топтору, этностук жана тилдик азчылыктар менен иштөө тажрыйбасы бар, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын башкарууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун кесипкөй тажрыйбасы же эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, аракетке жөндөмдүү кандай болбосун адам Улуттук борбордун кызматкери болуп шайлана алат.

 

Квалификациялык талаптар

 

Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

– Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин;

–  Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин;

– Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; (директорлук кызматка талапкерлерге)

– «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– Кыйноолорго жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенцияны жана ага карата Факультативдик протоколу;

– Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты жана башка адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерди;

– Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

  1. жеке арыз;
  2. кадрларды каттоо жөнүндө барагы, сүрөт 3*4;
  3. паспорт же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
  4. кесиптик билим, иш тажрыйбасы жана сапаттарын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимий окутуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, кадрларды башкаруу боюнча кызматтардын ишинин нотариус же иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн) ;
  5. эч кандай кылмыш жазабагандыгы тууралуу ыйгарым укуктуу ички иштер органынан маалым кат;
  6. мурунку жумуш ордунан, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдар тарабынан сунуш кат;
  7. өздук баян (резюме).

 

 

Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт.

Документтердин түп нускалары салыштырып текшерүү үчүн талапкерлер тарабынан Координациялык кеӊештин мүчөлөрүнө сунушталат.

Конкурска катышууга талап кылынган документтер скоросшивательге тиркелип 2022 – жылдын 22 – июлунун саат 18.00 чейин төмөнкү дарек аркылуу кабыл алынат: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 «Б», 7-кабат, 702-1-кабинет.

Кошумча суроолор боюнча – (0312) 66-37-18, 0550 425294 телефону менен байланышса болот.

 

Кыйноолор боюнча билдирүү