КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кара-Буура районундагы убактылуу кармоочу жайда кармалгандар жерде жатышат

Кара-Буура районундагы убактылуу кармоочу жайда кармалгандар жерде жатышат

КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) Талас областы боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы убактылуу кармоо изоляторундагы кармоонун шарттары бир жыл ичинде кандайча өзгөргөндүгүн текшерүүгө алышты.

Улуттук борбордун өкүлдөрү убактылуу кармоо изоляторуна болгон алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө, камактагыларды кармоонун шарттарында көптөгөн бузуулар бар экенин аныктап, бул мамилени кадыр-баркты басмырлаган жана орой деп сыпатташты.

Мисалы №1 камерада 5 киши отурат. Санитардык нормаларга ылайык, алардын ар бирине 3,25 чарчы метрден кем эмес аянт тийиши керек. Бирок, иш жүзүндө 1 кишинин ээлеген орду болгону 2,3 кв.м. түзөт.

Кармалгандар төшөнчүлөрдүн кирдигин, керебеттин жана шейшептердин жетишсиздигин айтып даттанышкан. Адамдар бир нече ай бою жылаңач матрацтарда (айрымдары бир жылга чейин же андан көп) жерге жатып уктоого аргасыз. Сейилдөөчү короо оңдоого муктаж, аянтчанын айрым жерлери талкаланган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн фактылардын бардыгы « Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу болуп саналат.

«Материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу жөнүндө» 22-берененин 2-пунктунда кылмышка шектүүлөр жана айыпталгандар жеке уктоочу жай менен камсыз болушу керек деп жазылган. Бирок бул талап эске алынган эмес. Ошондой эле убактылуу кармоо изоляторундагы ички эрежелер да бузулган. Мыйзам боюнча камактагылар жата турган жер жана төшөнчүлөр менен камсыз болушу керек”,-дейт КР КАУБнын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Нурлан Абдыраимов.

Ошону менен бирге ал бир жыл аралыгында убактылуу кармоо изоляторунда болгон оң жылыштарды белгиледи. Камералардын дубалдары шыбалып, сырдалып, санитардк түйүндөр да оңдоодон өткөн. Бул Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан берилген сунуштар аз да болсо, аткарылып жатканын билдирет.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эксперттер мыйзам бузуулар боюнча акт түзүшүп, ал Талас облусунун прокуратурасына жиберилди.

Кыйноолор боюнча билдирүү