КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

“Аларды киргизбегиле!»- деп, Баткен районундагы ИИБ убактылуу кармоочу изоляторлоруна КР КАУБ кызматкерлерин киргизбей коюшту.

“Аларды киргизбегиле!»- деп, Баткен районундагы ИИБ убактылуу кармоочу изоляторлоруна КР КАУБ кызматкерлерин киргизбей коюшту.

Буга чейин одоно мыйзам бузуулар табылган тергөө изоляторунун башчысы эксперттердин экинчи ирет текшерүү жүргүзүүсүнө тыюу салды.

26-августта Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КР КАУБ) Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери Айгүл Табалдыева менен Алишер Эрматовдор Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу изолятордагы кармоо шарттарына кайрадан текшерүү жүргүзө алышкан жок. Убактылуу кармоочу изолятордун башчысы, майор Эркин Бөрүбаевдин тапшырмасы менен КР КАУБнын өкүлдөрү жабык мекемеге киргизилбеди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында аталган изоляторго капыстан текшерүү жүргүзүүдө, эксперттер көптөгөн мыйзам бузууларды аныкташкан. 22 кишиге ылайыкташтырылган изолятордун камералары толуп кеткен (факт боюнча 26 туткун отурган). Жөө жүрүп сейилдей турган аянтчада таштандыга толгон челектер турган, дезинфекциялоочу каражаттар менен күнүмдүк тазалоо болгон эмес, жуунучу душта электр энергиясы жок жана желдетүү иштебей турган.

Мындан тышкары, изолятордо кармалгандардын өздүк иштерин текшерүү учурунда, мыйзам боюнча адамдарды убактылуу тергөө изоляторунда 48 саат же он күндөн ашык кармоого болбой турган болсо, бул жерде бир нече ай, ал тургай жылдар бою отурган 18 адамдын иши табылган.

Ошондой эле, кармалгандардын анкеталарын толтуруу, тинтүү жүргүзүү, мөөнөтү өтүп кеткен дары -дармектерди сактоо ж.б. бир катар мыйзам бузуулар катталган.

Ушул жана башка фактылар боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү акт түзүшүп, иликтөө жүргүзүү, мыйзам бузууларды четтетүү жана күнөөлүүлөрдү жазага туртуу өтүнүчү менен прокуратурага кайрылышкан. Бирок, эч кандай реакция болгон эмес. Ал аз келгенсип, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна экинчи жолу барганда текшерүүчүлөрдү ал жакка киргизбей да коюшкан.

«Баткен райондук ИИБнин капитаны Асан Аттокуров убактылуу кармоочу жайдын башчысы, майор Эркин Бөрүбаев менен байланышып, биздин келген максатыбыз тууралуу маалымат бергенден кийин да, жетекчи текшерүүгө тыюу салды. Ал изолятордо отурган 4 киши коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгын жүйө кылды. «Аларды өткөрүп жибербегиле. Билгенин кылып алышсын!” – деп, изолятордун начальниги айткандыгын КР КАУБ Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси  Алишер Эрматов билдирди.

Кармоочу жайдын өкүлдөрү эксперттерге изолятордо кармалгандардын төртөөндө аталган илдет бар экенин тастыктоочу документтерди көрсөтө албаган сыяктуу эле, ал оорулуулар эмне үчүн дени сак адамдар менен бирге кармалып жаткандыгын түшүндүрүп бере алышкан эмес. Ошондой эле жарандардын өздүк делолору менен таанышууга да уруксат берилген жок. Капитан Аттокуровдун айтымында, “изолятордун башчысы бош убактысы болгон кезде гана текшерүүгө уруксат берилет”.

КР КАУБ баамында, майор Бөрүбаев борбордун кызматкерлерине өз иштерин аткарууга атайылап эле тоскоолдук кылды жана муну менен «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» мыйзамдын 29 -беренесин одоно бузду.

«Кыязы, кармалгандарга карата адамгерчиликсиз мамиле жасоо жоюлбай, ачыкталган мыйзам бузуулар четтетилген эмес жана балким бузуулардын жаңы фактылар да пайда болду. Ошол себептен бизге изолятордо экинчи ирет текшерүү жүргүзүүгө тыюу салынды», – деп баамдаган Алишер Эрматов, прокурордук көзөмөлдүн жоктугунан улам Баткен РИИБнын убактылуу кармоочу изоляторунда мыйзам бузуулардын саны өсүп баратканын баса белгиледи.

КР КАУБ аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Баткен шаарынын көзөмөл органына бул мыйзам бузуулардын баарына прокурордук иликтөө жүргүзүү, аларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жана мыйзамдын чегинде бул жагдайга күнөөлүү кызмат адамдарын жазалоо өтүнүчү менен жаңы актыны жөнөтүшөт.

Кыйноолор боюнча билдирүү