КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Араван РИИБнын убактылуу кармоо изоляторунда кармалгандардын укуктарын бузуу фактылары аныкталды

Араван РИИБнын убактылуу кармоо изоляторунда кармалгандардын укуктарын бузуу фактылары аныкталды

Кыргызстандагы кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КР КАУБ) Ош областындагы кызматкерлери, 9-июль күнү Араван РИИБнүн убактылуу кармоо изоляторуна баруу учурунда, анда кармалгандардын укуктары бузулуп жаткан фактыларды аныкташты.

Аймактык өкүлчүлүктөн белгиленгендей, кылмышка шектүүлөрдү кабыл алууда дарыгерлер медициналык кароодон өткөрүүнүн тартибин бузушкан. Алар атайын бланкка маалымат жазуунун ордуна, А4 форматындагы кадимки ак барактарга жазышкан.

Мындан тышкары, убактылуу кармоочу жайда эмеректер жетишсиз, ал эми камералар жакшы жарыктандырылган эмес.

“Кармалгандарды кармоо шарттары мыйзамдын талаптарына жооп бербейт”, – деп билдиришти КР КАУБ өкълдөрү.

Адистер аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча үч акты түзүшүп, ал документтер Ош облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.

Кыйноолор боюнча билдирүү