КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Базар-Коргон РИИБнин убактылуу кармоо изоляторунда (УКИ) кармалгандарга карата медициналык текшерүү өткөрүлгөн эмес.

Базар-Коргон РИИБнин убактылуу кармоо изоляторунда (УКИ) кармалгандарга карата медициналык текшерүү өткөрүлгөн эмес.

Кыргызстандагы кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КР КАУБ) Жалал-Абад облусу боюнча ѳкүлүнүн убактылуу милдетин аткаруучу М.Апсатаров жана ушул эле борбор тарабынан тартылган эксперт А.Ибраимовтун катышуусунда 14 июлда Базар-Коргон РИИБне караштуу убактылуу кармоо изолятуна пландан сырткары прафилактикалык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда кармалган А.А., А.С., И.К. жана Д.К.нын УКИге киргенден кийин аларга медициналык кароодон өткөндө таризделүүчү медициналык справкалар берилбегендиги анык болду.

Кылмышка шектүү дагы бир жаран Ж.Кнын өздүк делосунда медициналык справка болгон, бирок кандайдыр бир себептерден улам ал толтурулган эмес.

“Бул көрүнүштү Базар-Коргон РИИБнүн кызматкерлеринин мыйзамдарга баш ийбегендиги катары балоого болот. Анткени КР ККнин 45-ст. 6-бөлүк “Кылмышка шектүүнү убактылуу кармоочу жайга же тергөө изоляторуна алып келгенде, анын өзүнөн, жактоочусунан же жакын туугандарынан кыйноо же катаал мамиле жасалгандыгы жөнүндө арыз келип түшкөндө, сөзсүз түрдө медициналык текшерүүдөн өтөт. Андан соң, тергөөчү же тергөө органдарынын кызматкерлери тийиштүү документтерди даярдашат. Медициналык кароону убактылуу кармоочу жайдын администрациясы ишке ашырышы керек. КР ички иштер органдарынын убактылуу кармоо изоляторлорунун ички тартибинин Эрежелеринин 1.9-п. негизинде УКИга келгендерди камерага жайгаштыруу алдында медициналык кароо жана санитардык тазалоодон өткөрүү, ушул Эрежеге ылайык ишке ашырылат. Мындан тышкары, ” Кыргызстандагы кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбор жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесинин 7-бөлүмүндө шектүүнүн катышуусу менен тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүдөн мурда, эркиндигин ажыраган же кыймылынан чектеген адамдарга карата кыйноолордун жана катаал мамилелердин болгондугу тууралуу арыздарын прокуратурага маалымдап, андан ары тергөө жүргүзүү менен күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керек», – деп билдиришти мыйзамга таянган борбордун өкүлдөрү.

Аныкталган мыйзам бузуу фактысы боюнча акт түзүлдү. Прокурордук иликтөө жүргүзүү жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жана мындай фактыларга жол берген кызмат адамдарын жоопко тартуу үчүн документтер Жалал-Абад облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.

Кыйноолор боюнча билдирүү