КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолорду жана башка катаал мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин жетекчиси Айдар Сыдыков “Акыйкат” медалына татыктуу болду

Кыйноолорду жана башка катаал мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин жетекчиси Айдар Сыдыков “Акыйкат” медалына татыктуу болду
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин жетекчиси Айдар Сыдыковго Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту тарабынан, “Акыйкат” медалы ыйгарды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи жыл сайын 10-декабрда белгиленүүчү Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.
 
«Ушул жылдар аралыгында жетишилген бардык алгылыктуу иштер – командалар, жумушчу топтор, ассоциациялар жана коалициялардын негизинде аткарылды. Ошондуктан, бул сыйлык да ушул жылдар бою биз менен кызматташтыкта болуп келген өнөктөштөр жана кесиптештерге таандык. Мен сыйлыкты сыймыктануу менен кабыл алып жатам. Өзүм үчүн, мен аны “командада иштөө жөндөмдүүлүгүм үчүн” алдым деп, ойлойм. Анткени, бул тармакта ийгиликке жетүүнүн бирден бир жолу ушул гана”, – дейт Айдар Сыдыков.
 
“Акыйкат” медалы – Акыйкатчынын ведомстволук сыйлыгы болуп эсептелет, ага адам укуктарын коргоого өз салым кошкон ар түрдүү кесиптеги адамдар ыйгарылат.

Кыйноолор боюнча билдирүү