КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кадамжайдагы психоневрологиялык стационардык мекемесинде – антисанитардык шарттар жана тамак-аш жетишсиздиги сыяктуу көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды

Кадамжайдагы психоневрологиялык стационардык мекемесинде – антисанитардык шарттар жана тамак-аш жетишсиздиги сыяктуу көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды

Тамак-аш жерде тебеленип жатат. Ашпозчунун санитардык китепчесинин мөөнөтү аяктаган. Идиш жуугуч идиш жуугандын эрежесин билбейт…

Бул мындагы мыйзам бузуулардын толук тизмеси эмес. Кыргызстандагы кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КР КАУБ) Баткен облусундагы аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Кадамжайдагы психоневрологиялык стационардык мекемесине күтүлбөгөн жерден ар тараптуу текшерүү ишин уюштуруп, андан көптөгөн терс көрүнүштөрдү аныкташты.

Текшерүүчүлөр азык-түлүктү сактоо жана бейтаптарга тамак-аш даярдоо шарттарында санитардык талаптардын одоно бузулуп жаткандыгына күбө болушкан.

Санитардык нормалар боюнча азык-түлүк атайын текчеде же жерден 10 сантиметр бийиктикте болуш шарт экенине карабай, жабык мекеменин ашканасындагы азык-түлүктөр жерде жатат. Кампадагы кургак чай кагаз идиштин же баштыктын ичинде эмес, ун салуучу желим баштыкта сакталат. Акык-түлүктү сактоо эрежеси бузулгандыгына байланыштуу, продуктылар ным тартып, сапатынын начарлоосуна шарт түзүлөт.

«Ашканадагы жабдыктардын электр зымдарынын эскилиги жетип, салаңдаган абалда туруп, өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбагандыктан, буулануунун кесепетинен туруктуу нымдуулук сакталып турган ашканада иштеген кызматкерлердин ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туулат. Бөлмөнүн санитардык абалы начар, нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлбөйт, эшиктери чаң менен капталган. Идиш жууган кызматкер идиш жуунун эрежесин билбейт. Мунун бардыгы биригип, ар кандай оорулардын көбөйүшүнө алып келет. Мындан тышкары, ашпозчунун санитардык китепчесинин мөөнөтү бүткөн болсо, башка ашкана жана кир жуугуч кызматкерлерде мындай китепче жокко эсе», – деп белгилешти КР КАУБ Баткен облусундагы аймактык өкүлчүлүгүнөн.

Импорттолгон эт, мөмө-жемиштер, өсүмдүк азыктары кампага тийиштүү сертификаттары жок жана ветеринардык көзөмөлдөн өтпөй алынып келинет. Жашылчалар (сабиз, картошка жана пияз) антисанитардык шартта сакталат. Текшерүү учурунда кампада балык, колбаса, сыр, май, токоч, таттуулар жана коюлтулган сүт жок болуп чыкты. Кампачынын айтымында, бул азыктар кампада жок, ал боюнча жарыя мамлекеттик сатып алуулар сайтында кайрадан жайгаштырылышы күтүлөт.

Кампада дагы башка мыйзам бузуулар байкалган: бөлмөдө аптечка жок, өрт коопсуздугу боюнча чаралар сакталган эмес, кампачынын санитардык китебинде сүрөт жок жана мөөр басылган эмес.

Ошондой эле, текшерүүнүн жүрүшүндө Кадамжайдагы психоневрологиялык социалдык мекемесинин тургундары тамакты тое жебей тургандыгы көрүнгөн. Улуттук борбордун кызматкерлери тамактануучу столдогу бир табак бышырылган тамакты алып, аны контролдук таразага салып, текшеришкен. Документтерде ар бир бейтапка 500 граммдан шорпо берилээри так көрсөтүлгөнү менен, чындыгында, ар бир табакта 100-120 гр гана тамак болгон. 212 адамга эсептелүүчү тамак, орто эсеп менен 20 кг аз даярдалып келген.

«Ашкананын улук ашпозчусу Ш.Т. бейтаптарды жетиштүү тамак-аш менен камсыз кылган эмес. Ал, мекемеге жеткирилген ар бир бөлкө нандын салмагы 500 граммды түзөт дегени менен, нанды таразага тартканда, салмагы жарыяланган нормадан 40 граммга аз болуп чыккан. Ошондо бардык бейтаптарды эске алганда, адамдар күнүнө 16 бөлкөгө аз нан жешет экен», – дешет адистер.

Жашоо шартына байланыштуу дооматтар дагы бар.

Бөлмөлөрдө керебеттер бири-бирине жакын, болгону 10 см аралыкта жайгашкан, уктоочу бөлмөлөрдө жарык начар, желдетүүчү шахталар кирпич менен жабылган. Термометрлер жок, санитардык нормалар сакталбайт.

1-корпуста тиш щеткалар кийим менен аралашкан бойдон шкафта сакталат. Кызматкерлер тумбочканын үстүндө жаткан бычакты да байкашкан. Кызматчы аны ким жана эмне үчүн көрүнөө жерге калтыргандыгын түшүндүрө алган эмес. Аялдар жашаган 3-корпуста бир кутучада 30га жакын тиш щеткасы сакталып, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт жана ар кандай жугуштуу ооруларга алып келет. Мончодогу пол керамикалык плиткалар менен капталгандыктан, адамдар жуунуп жатканда тайгаланып жыгылып, өздөрүнүн ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туулат.

КР КАУБнун Баткен облусундагы өкүлчүлүгү мекеменин тургундары буга чейин көчмө медициналык лабораториядан текшерүүдөн өткөндүгүн кошумчалашты. Текшерүүнүн жыйынтыгында, 10 адамда жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар, 19 адамда В жана С вирустук гепатиттери аныкталса, дагы бир адамдан позитивдүү – ВИЧ аныкталган. Бүгүнкү күндө бейтаптар дарылануудан өтүп жатышат.

Кыйноолор боюнча билдирүү