КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кесипкөйлүк жактан кыйынчылыктарга каршы кантип туруштук кылуу керек?

Кесипкөйлүк жактан кыйынчылыктарга каршы кантип туруштук кылуу керек?

Ушул жана башка  адам укуктарын коргоо ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу суроолорго Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери Ысык-Көлдө өткөн үч күндүк тренингдин алкагында жооп беришти.

Ысык-Көл облусунун Бает айылындагы Ак-Марал пансионатында 2-июндан 4-июнга чейин Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду жана башка адамкерчиликсиз, зөөкүлүк же адамдын аброюна шек келүүчү мамилелерди алдын алуу боюнча Улуттук борборунун (КР КАУБ) кызматкерлеринин кесиптик потенциалын чыңдоо боюнча тренинг болуп өттү. КР КАУБнын 20дан ашуун кызматкерлери, анын катарында аймактык өкүлдөрү катышкан иш-чара, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өттү. Ишчараны психиатр-дарыгер Аида Парпиева жана юрист Алмаз Эсенгелдиев алып барышты.

Үч күндүн ичинде атайын сессиялардын алкагында катышуучулар КР КАУБнун натыйжалуулугун арттыруу алкагында мыйзамдарды өркүндөтүү, адам укуктарын экспертизалоо, ошондой эле улуттук борбордун кызматкерлиринин кесиптик ишмердүүлүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу, айрыкча эмоционалдык чарчоого каршы туруу, кесиптик деформация жана эмгек потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Тренингдин акыркы күнү практикалык көнүгүүлөрдүн коштоосунда өттү. Көнүгүүлөр ачык асман алдында, катышуучулар үчүн эс алуучу комплекс жана биргелешкен жагымдуу эмоционалык тажрыйба алмашуунун алкагында уюштурулду.

– “Жабык мекемелерде профилактикалык иш-чараларды өткөрүү аң сезимге из калтырбай, өтүп кетпейт. Биздин кызматкерлер көп учурда стресске жана эмоциялык терс абалга дуушар болушат. Биздин максат аларга ушул көйгөйлөрдөн кантип чыгуу керектигин үйрөтүү жана КР КАУБнун өкүлдөрүнүн кесипкөйлүк потенциалын жогорулатуу болуп саналат “, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду жана башка адамкерчиликсиз, зөөкүлүк же адамдын аброюна шек келүүчү мамилелерди алдын алуу боюнча Улуттук борборунун, координациялоо, уюштуруу жана аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн эксперти Айжаркын Маматова.

Кыйноолор боюнча билдирүү