КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

КР КАУБ Сүлүктүдөгү улгайган жана майып адамдар үчүн ооруканадагы мыйзам бузуулар тууралуу актыны экинчи ирет прокуратурага жөнөттү

КР КАУБ Сүлүктүдөгү улгайган жана майып адамдар үчүн ооруканадагы мыйзам бузуулар тууралуу актыны экинчи ирет прокуратурага жөнөттү

КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борборунун (КР КАУБ) эскертүүсүн социалдык мекеменин администрациясы көңүл сыртында калтырды.

КР КАУБнун Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү Айгүл Табалдыева менен Алишер Эрматов 22-июнда Сүлүктү шаарындагы ооруканада карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын текшерүү жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө, майыптар үйүндөгү жашоочулардын жашоо шартында эксперттер көптөгөн мыйзам бузууларды таап чыгып, аларды четтетүүнү сунушташкан. Бардык фактылар боюнча акт түзүлүп, ал Сүлүктү шаарынын прокуратурасына таасир этүү үчүн жөнөтүлгөн.

Кече, 25 -августта, КР КАУБнун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери убакыт аралыгындагы текшерүү менен социалдык мекемеге келишип, оорукананын администрациясы бул эскертүүлөрдү дээрлик этибарга албагандыгын тастыкташты.

«Прокуратура берген талаптарга карабастан, мыйзам бузуулар четтетилген эмес, учурдагы кырдаалга күнөөлүүлөр дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган эмес. Сунуштардын тизмесинен бир гана нерсени алып салууга болот: бул, мончонун кызматчысына санитардык китеп берилгендиги»,-дейт борбордун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Алишер Эрматов.

КР КАУБнын кызматкерлери бул жолу дагы жаңы акт түзүштү, ал дагы прокуратурага жөнөтүлөт.

Эске салсак, КР КАУБ өкүлдөрү июнь айында жүргүзүлгөн текшерүүдө ашпозчулардын жана мекеменин башка кызматкерлеринин санитардык китепчелерине мөөр басылбагандыгын, чийки жана даяр продуктылар муздаткычтын бир бөлүгүндө аралаш сакталганын, ал эми аптечкада тийиштүү дары-дармектердин болбогондугун жана болсо да, айрымдарынын мөөнөтү өтүп кеткендигин аныкташкан. Медпунктта медициналык калдыктар үчүн атайын кутулар жана дары -дармектерди сактоочу муздаткыч да жок болгон. Мындан тышкары, мекеме жашоо аянтынын нормаларын бузган, ага ылайык бир адамга 3,25 чарчы метр туура келиши керек болчу.

Кыйноолор боюнча билдирүү