КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

КР кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун текшерүүсүнүн натыйжасында Токмоктогу психикалык диспансерлерде “Антисанитария, сынган сантехникалар жана жетишсиз каржылоо” байкалды

КР кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун текшерүүсүнүн натыйжасында Токмоктогу психикалык диспансерлерде “Антисанитария, сынган сантехникалар жана жетишсиз каржылоо” байкалды

КР кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) директору Бакыт Рысбеков жана ушул эле борбордун эксперттери Калмалдин Жапаров менен Мирлан Жакыпов 13 -августта Токмоктогу психоневрологиялык социалдык стационардык №1 жана №2 мекемелерине атайын иш сапары менен барышып, анын жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришти.

300 кишиге эсептелген психикалык жактан жабыркаган эркектерге арналган биринчи жабык мекемеде учурда 263 бейтап жашайт. Алардын ар бирине ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул 350 сомдон ашпайт. Бул жерде жашагандарды тамактандыруу үчүн күнүгө болгону 100 сом, ал эми дары -дармегине 12 сомдон бөлүнөт. Жалпысынан мамлекет жыл сайын социалдык мекемелердин муктаждыктарын канааттандырыш үчүн  49 млн сомду жумшайт. Факт боюнча бул каражаттын корголгон бөлүгү гана бөлүнүп, ал : тамак-ашка, дары -дармекке жана кызматкерлердин эмгек акысы сыяктуу чыгашаларга багытталат.

Жалпысынан штатта 140 адам эмгектенет. Алардын минималдуу эмгек акысы болжол менен 4 миң сомду түзөт, бул албетте инфляцияны, оор моралдык жана физикалык эмгекти эске алганда жетишсиздик кылат.

Токмоктогу 1 психоневралогиялык социалдык стационардык мекеме 1989 -жылы ачылган. Андан бери бул имарат бир жолу да капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Мындан тышкары, очоккана оңдоого муктаж. Психиатриялык диспансерге ири жардамды демөөрчүлөр көргөзүп келишет. КРдагы Германия элчилигинин жана Япония өкмөтүнүн колдоосунун натыйжасындаатайын мекеменин керебеттери алмаштырылып, бөлмөлөргө чоюндан жасалган батареялар орнотулган,  ашкана жана кир жуучу жабдууларды жаңыртылып, жаңы линолеум төшөлгөн.

Ошол эле учурда, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, КР КАУБнын кызматкерлери мамлекеттик мекеменин ишинде чоң чыгымдарды талап кылбай, өз күчү менен бүтүрүп коюга жөндөмдүү кемчиликтерди табышты. Мисалы, даараткананын жана ашкананын крандары сынган, дубалдын айрым жерлеринде электр зымдары изоляцияланбаган (сантехник жана электрик штаттык орунда иштеп жатышат), ашканада антисанитардык шарттар, мончодо жеке гигиеналык талаптар эске алынбай (дагара, жышып жуугучтар) жалпы колдонууга ээ.

Социалдык мекеменин директору Жумадил Салиевдин айтымында, мыйзам боюнча ар бир адамга 6,5 квадрат метрден тийиши керек деген норманы аткаруу мүмкүн эмес (факт боюнча 3-4 м² барабар) . Бул маселени чечүү үчүн дагы кошумча имарат куруу талап кылынат.

«Өткөн жылдарга салыштырмалуу биз мындагы адамдарды кармоо шартында оң өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз, бирок аткарыла турган иштер дагы бар экенМончого түшүү процедураларын кабыл алуу графиги жок, тамактануу учурунда бейтаптарга катуу көзөмөлдөө жок. Мисалы, бүгүн биз тамактануу учурунда бейтаптардын бири каргак нан жеп отурса, экинчиси  биринчи жана экинчи тамактан эки порцияны алып кеткенине кубөө болдук», – деп билдирди КР КАУБ профилактикалык текшерүүгө баруу бөлүмүнүн эксперти Калмалдин Жапаров.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук борбордун кызматкерлери психоневрологиялык мекемеге бардык аныкталган мыйзам бузууларды кыска мөөнөттө четтетүү боюнча сунуштарын жөнөтүшөт. Эгерде текшерүү аралыгында адистердин сунуштарына көңүл бурулбаса, анда акт түзүлөт. Ал документ Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кароого жөнөтүлөт.

Ал эми 1933-жылы ачылган аралаш типтеги 2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде 216 адам (88 аял жана 128 эркек) жашайтОор жана жеңил формадагы акыл-эсинин өсүүсү токтоп калгандар, шизофрения, эпилепсия менен ооруган бейтаптар 18 жашка чыккандан кийин, бул жакка Беловодскийдеги балдар психоневрологиялык үй-интернатынан которулуп келишет.

Бейтаптар мындагы төрт имаратта, анын ичинде төшөктө жаткандар жана сойлоп жүргөн бейтаптар үчүн бөлмөлөрдө жашашат. Былтыркы жылы Кувейттин «Ас-Сафа борбору» кайрымдуулук фонду аялдар үчүн заманбап жаңы имарат куруп беришкен. Үстүбүздөгү  жылдын сентябрь айында психиатриялык ооруканада демөөрчүлөрдүн аракети менен эркектер үчүн дагы жаңы имараттын ачылышы күтүлүп жатат.

Атайын мекеменин жалпы жылдык бюджети 43 миллион сомду түзөт. Мамлекет ар бир оорулуунун тамактануусуна күнүнө 110 сомдон жана дарыармегине 12,7 сомдон жумшайт. Кызматкерлердин орточо айлык акысы (100 кызматкер) 8-10 миң сомду түзөт.

Кыргызстанда 1-июлдан баштап медицина кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Атайын мекеменин медициналык персоналдары дагы ушул категорияга кирет, бирок бул жердеги айлык акы эски бойдон өзгөрүүсүз калган. КР кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борбору Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ушул типтеги бардык социалдык мекемелерде мүмкүнчүлүгүнөн чектелген адамдарды караган медициналык кызматкерлердин айлык акысы эмне үчүн  жогорулабаганын билүү үчүн суроо-талап жиберет.

Жатаканаларды, тамактануучу жайды, мончону жана дааратканаларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун адистери эч кандай мыйзам бузууларды аныкташкан жок. Санитардык нормалар жана эрежелер так сакталып турат, күнүнө төрт маал тамак берилет, аялдардын жеке гигиена каражаттары биринчи өтүнүч боюнча толук камсыздалат.

«Мен бул социалдык мекемени республика боюнча эң үлгүлүү мекемелердин бири деп айтаар элем: бейтаптарга кылдат мамиле, ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү, бөлүнгөн каражат сарамжалдуу пайдаланылууда. Мындай татаал эмгек, албетте, татыктуу түрдө төлөнүп беришили керек. Биз ар бир мүмкүнчүлүктөн колдонуп,  мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча маселени көтөрөбүз жана ага карай умтулабыз», – деп жыйынтыктады КР КАУБ башчысы Бакыт Рысбеков.

Кыйноолор боюнча билдирүү