КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборунун кызматкерлери ЖАМКнын №31 колониясын текшеришти.

Кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборунун кызматкерлери ЖАМКнын №31 колониясын текшеришти.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Бакыт Рысбеков жана борбордун эксперттери М. Жакыпов менен А. Аскарбеков кыйноолорду  жана катаал мамилени алдын алуу үчүн, ошондой эле соттолгон М. уулу Н жаранынан мурдараак келип түшкөн арыз боюнча Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы ЖАМКнын №31 колониясында текшерүү жүргүзүштү.

Кызматкерлер келген учурда мекемеде 143 соттолгон адам жаза мөөнөтүн өтөп жана дарыланып жаткан. КАУБ кызматкерлери территорияны кыдырып чыгып, мекемеде 94 орундук эки кычкылтек концентраторлору менен камсыздалган обсервация уюштурулганын аныкташты. Текшерүү маалында коронавирустук инфекцияга чалдыккан оорулуулар катталган эмес. Оорукананын башчысы А. Бексултанова медициналык жабдууга жана дарыларга байланыштуу көйгөйлөр жок экенин билдирди.  “Кызыл чырым” жабык мекеменин бардык муктаждыктарын камсыздап келет. Эркинен ажыратылгандарга медициналык жардамды түрдүү профилдеги кесипкөй адистер көрсөтүшөт.

Колониядагы беш соттолгон адам кургак учуктан дарылануудан баш тартышууда. Алар менен психолог иштеп жатат. КР КАУБда белгилешкендей,  аны менен бирге оор илдеттен жабыркап, кармоо шартын өзгөртүүгө муктаж болгон жарандар аныкталган жок.

Мекемеде байма-бай санитардык тазалоо иштери өткөрүлүп турат.  Ашкананы текшергенде, продукттардын баары талап кылынган шартта сакталып, ирээти менен жыйылып, бардык өнүмдөргө белги коюлганын байкашкан. Ашпозчу менен ашкананын бардык жумушчуларынын санитардык китепчелери бар.  Оорулуулардын өзгөчө тобу үчүн диетасына жараша атайы меню каралган.

“Мекемеде “Атлантис” реабилитациялык борбору ачылган. Бул жерде соттолгондор иш техникасын оңдоо боюнча окутуудан өтүшөт”, – деп кошумчалашты Улуттук борбордогулар.

Мындан тышкары эксперттер айып изолятору менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылгандардын камераларын карап чыгышты.

Текшерүү маалында ички тартипти бузгандыгы үчүн 4 адам айып изоляторунда отурганы белгилүү болгон. Алардын бири М. уулу Н., – мурдараак мекеменин ыкчам кызматкерлери тарабынан катаал мамилеге дуушар болгонуна даттанып кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборуна кайрылган.

“КАУБ кызматкерлери аны менен маектеше алышкан жок, анткени арыздануучу борбрдун кызматкери менен суйлошуудон баш тарткан. Андан сон, текшеруучулордун козунчо медик аны кароодон откоруп (кан басымын жана дене табын олчогон). Бардык корсоткучтор жайында болуп, денесинде сабоонун белгилери табылган жок. Болгону, операциядан кийинки тырыктары эле бар экен”,  – деп кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборунда белгилешти.

Өздүк делосун изилдеп чыгып, адистер 25 июлда текшерүү учурунда соттолгон жарандан “Редми нот 8Т” чөнтөк телефону табылганын аныкташты. Мындан улам М. уулу Н. 5 суткага айып изоляторунун камерасына киргизилген.

Ошондой эле КАУБ кызматкерлерине оорукананын башчысы И.А. Бексултанова, соттолгон жаран айып изоляторуна киргизилээрден мурун дарыгердин кароосунан өткөнү тууралуу отчет берген. Анын айып изоляторунун камерасында кармалуусуна ден соолугу жол берээрин тастыктаган справкасы бар.

“Бирок режимди бузган маалдан тарта, соттолгон жаран төшөктөн турбай, тамактан баш тартып келген. Бул организмдин алсыздашына алып келген. Ал эми жалпы көрсөткүчтөрү канааттандыраарлык деңгээлде.  Мындан тышкары айып изоляторуна кирген күндөн баштап ал кургак учукка каршы дарыларды ичүүдөн да баш тарткан, ага оң өпкөсүн алып салуу боюнча операция жасалганын эске алганда, бул абалынын начарлашына алып келиши толук мүмкүн. Мындайга жол бербөө максатында, оорукананын начальниги мекеме башчысына кайрылып, соттолгонду айып изоляторунан бөлүмгө которууну өтүнгөн”, – дейт КРнын  КАУБда.

Атайын текшерүүнүн  жыйынтыгында борбордун кызматкерлери мекеме начальнигине оорукана башчысынын өтүнүчүн аткарууну кеңештешти. Мониторинг учурунда башка эркинен ажыратылгандардан арыздануу түшкөн эмес.

Кыйноолор боюнча билдирүү