КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолордун алдын алуу боюнча регионалдык борбор убактылуу кармоочу жайларга камактагылар киргизилгенде жана кармалганда укуктары бузулуп жаткандыгын билдиришти

Кыйноолордун алдын алуу боюнча регионалдык борбор убактылуу кармоочу жайларга камактагылар киргизилгенде жана кармалганда укуктары бузулуп жаткандыгын билдиришти

Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун (КАУБ) аймактык өкүлчүлүгү Ош шаарындагы жана Ош облусундагы жабык мекемелерде жүргүзүлгөн атайын иш сапарларынын жыйынтыгын жарыялады.

Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 2021-жылдын июнь айында Ош шаардык жана Ош облустук ИИБнын убактылуу кармоочу жайларында болуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенде кармалгандарды медициналык кароодон өткөрүү жүргүзүү боюнча, берилген көрсөтмөлөрдү кандайча аткарып жаткандыгын текшеришти.

Белгилей кетсек, медициналык текшерүүнүн бул формасы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2020-жылдын март айында бекитилген, ал эми 2021-жылы май айында КАУБ Ош шаарындагы  жана Ош областындагы аймактык өкүлчүлүгү регионалдык Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине кармалган адамды убактылуу кармоочу жайга киргизүүдө колдонуу керектиги жөнүндө кат аркылуу эскертишкен.

«Бирок, атайын алдын алуу текрешүүчү ишчаралардын жүрүшүндө Ош шаарындагы, Карасуу, Араван жана Ноокат облустарынын убактылуу кармоочу жайларында төмөнкүлөр белгилүү болду: Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы аткарууга жиберилген катка карабастан, медициналык кароонун тийиштүү формасы колдонулган эмес. Кызматкерлер спирт ичимдиктерин жана баңги заттарды колдонгондугун тастыктоочу текшерүү формасын толтурууну улантышууда, анда адатта денеде жаракат жок жана ден-соолугуна байланыштуу эч кандай арыз түшкөн эмес, деп жазылышы керек болчу. Мындан тышкары, адамдын денесинен эч кандай жаракат табылбагандыгы жөнүндө кадимки кагазда тастыктоочу маалым кат берилет», – деди КАУБ Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Худаяржан Нарматов.

Ал эми Ош облусунун Алай районунун ИИБ убактылуу кармоочу жайы бир айдан бери ал жерде жаңы кармалгандар болбогондуктан, медициналык текшерүү формасын толтурууга даяр болгону менен аны колдонушкан эмес. Анткени менен, жабык мекеменин ишинде кемчиликтер дагы аныкталды – идиш-аяк (табак жана кашык) жетишсиз. Жетекчиликке мүчүлүштүктөрдү четтетүү сунушталып, ал тууралуу текшерүүчүлөрдүн журналында жазылды.

«Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун ИИБ убактылуу кармоочу жайларында дагы жакын арада кармалгандар болбогондуктан, медициналык кароонун формасы колдонулган эмес. Бирок Кара-Кулжа райондорук ИИБ убактылуу кармоочу жайында кармалгандар тамак-ашка, чөйчөктөрдүн, кашыктардын жана кружкалардын жетишсиздигине нааразы болушууда. Бул кемчиликтерди четтетүү тууралуу изолятордын башчысына сунуштар берилип, анын жыйынтыктары инспекторлор журналында чагылдырылды», – деп Ош шаары жана Ош облусу боюнча улуттук борбордун аймактык бөлүмүнөн билдиришти.

Мындан тышкары, ЖАМК №25  (СИЗО-5) мекемесинин башчысына мекеменин медициналык бөлүмүнө тийиштүү сунуштар камтылган кат жөнөтүлгөн. Анда Ош шаардык ИИБнын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан ИИБнын убактылуу кармоочу жайларынан, этапка өтүп келгендерди кабыл алууда ИИБнын убактылуу кармоочу жайынын башчыларынан адамды изоляторго жайгаштырганда медициналык кароонун жаңы түрүн толтуруп, камактагыларды эски үлгүлөр боюнча кабыл албоо талабы сунушталган.

Жабык мекемелерге атайын текшерип баруулардын натыйжалары боюнча КАУБ  аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан камактагы шарттардын бузулушу боюнча актылар түзүлүп, тийиштүү чараларды көрүү үчүн Ош облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.

Кыйноолор боюнча билдирүү