КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолорго каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери Ош шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген жок

Кыйноолорго каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери Ош шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген жок

КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) жетекчиси Бакыт Рысбеков жетектеген кызматкерлеринин кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылуу фактысын иликтөө өтүнүчү менен КР КАУБ өкулдөрү Ош шаарнын прокуратурасына кайрылышты.

КР КАУБ билдиргендей, 2-ноябрда Ош ИИБ убактылуу кармоочу жайына барып, улуттук борбордун өкүлдөрү алдын ала текшерүү жүргүзүшү керек болчу. Бирок, кабыл алуу үчүн бардык керектүү документтер жана коргонуучу буюмдар болгонуна карабастан, аталган топту мекемеге киргизүүгө тыю салынган. Борбордун кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү катын кабыл алуудан да баш тартылган. Убактылуу кармоочу жайдын башчысы Сагынбек Жээнбаев тарабынан аталган жайга кирүүгө жол берилбей жаткандыгы тууралуу жеринде акты түзүлүп, арыз жазылган.

«Ал Ош ОИИБнин башчысы текшерүүчүлөр түшкү тамактан кийин, башкача айтканда 4 сааттан кийин гана келүүсүнө уруксат бергенин билдирген. Ошол эле учурда сүйлөшүүлөр коридордо жана убактылуу кармоочу жайдын  жетекчисинин иш бөлмөсүндө жүргүзүлүп, мекемеге кирүү эрежелери одоно бузулуп, ал ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти”, – деп белгилейт, Ош жана Ош облусу боюнча аймактык бөлүмдүн башчысынын м.а. Улугбек Абдулазимов.

Аймактык өкүлчүлүктүн өкүлдөрүнүн айтымында убактылуу кармоочу жайдын башчысы өзүнүн аракети менен КР КАУБ тууралуу мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүн бузду. Анда “эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын ала баруу каалаган күнү жана каалаган убакта күн мурунтан эскертүүсүз жүргүзүлөт” деп белгиленген. Ал эми мекемеге киргизүүгө жол берилбегенден кийин, ал жерде кыйноолорду колдонуу жана аны жашыруу мүмкүн деген шектенүүлөр пайда болот.

Мындан сырткары, убактылуу кармоочу жайдын жетекчисинин аракеттери КР КАУБ жөнүндө мыйзамдын 18-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу болуп саналат. Анда: «Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, Улуттук борбордун кызматкерлеринин ишине кийлигишүү, тоскоолдук кылууга  тыюу салынат жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет» деп жазылган.

Убактылуу кармоочу жайдын аймагына кире бериште эксперттик топ тарабынан Улуттук борбордун жетекчилигинин колу коюлуп, гербдүү мөөр басылган жолдомону да көрсөтүшкөн. Бирок мекеменин жетекчиси жана нөөмөт кызматкерлери жазуу жүзүндөгү корреспонденцияны кабыл алуудан жана каттоодон баш тартышкан. Ага ылайык, борбордун мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүсү так көрсөтүлгөн КР КАУБ жөнүндө мыйзамынын 29-беренеси одоно түрдө бузулду.

Ушуга байланыштуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Ош прокуратурасынан борбордун кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган фактылар боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү өтүнөт. Белгилей кетсек, бул мыйзам бузуу КР КАУБнын жылдык отчетунда чагылдырылып, ал Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.

Кыйноолор боюнча билдирүү