КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кызыл-Жардагы Республикалык психиатриялык ооруканада мыйзам бузуулар аныкталды

Кызыл-Жардагы Республикалык психиатриялык ооруканада мыйзам бузуулар аныкталды
Кыргызстандагы кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КР КАУБ) Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү облустун прокурору Ибраим уулу Уланбекке Кызыл-Жар айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканадагы мыйзам бузуу фактылары боюнча прокурордук иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылышты.
КР КАУБ өкүлдөрү белгиленгендей, 9-июлда улуттук баорбордун регионалдык жана атайын тартылган эксперттери А.Эрматов, М.Апсатаров жана Э.Бакировдор тарабынан жабык мекемеге күтүлбөстөн текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада мыйзам бузуулар аныкталган.
Тагыраагы, РПОнын №2  бөлүмүндө колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен 5 дары-дармек табылган.  Бардык жарактан чыккан дарылар (айрымдарынын колдонуу мөөнөтү январь айында, калгандары май айында аяктаган) атайын дары-дармек салынган шкафта сакталган.
Ошондой эле №5 бөлүмдүн  ашканасында шкаф менен эшиктин үстүлөрү чаң болуп, нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлбөгөн. Тазалык бөлмөлөрүндө хлор кошулган жуучу каражаттар колдонулбайт. Карыялар жаткан бөлүмдөгү телевизор сынып калган.
“Кызматкерлердин бейтаптарга болгон шалаакы мамилеси көрүнүп турат”, – деп эсептешет КР КАУБ аймактык бөлүмүнөн. Фотографиялык далилдер менен тастыкталган бардык мыйзам бузуулардын фактысы боюнча акт түзүлүп, ал Кызыл-Жар РПОнун №2 бөлүмүнүн медайымы Гүлүмкан Нуранованын катышуусунда окуп, тааныштырылды”.
“Кыргызстандагы кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбор жөнүндө” Мыйзамдын 7-бөлүмүнүн 7-беренесине ылайык, тергөө иштерин жүргүзүү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн, улуттук борбордун өкүлдөрү эркиндигинен ажыратылган же жүрүү эркиндиги чектелген адамдарга карата орой мамиле жасалып, кыйноолор болуп жаткандыгы жөнүндө прокуратурага маалымдашы керек. Ошондуктан, КР КАУБ аймактык бөлүмү Жалал-Абад облусунун прокуроруна кайрылуу жолдоп, бардык фактылар боюнча иликтөө жүргүзүп, чара көрүү өтүнүчүн билдиришти жана ошондой эле мыйзам чегинде мыйзам бузууларга жол берип жаткан адамдарды жоопкерчиликке тартып, анын жыйынтыгы жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөткө чейин билдирип коюну суранышкан.

Кыйноолор боюнча билдирүү