КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Зордуктоо үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган адам кыйноолорго арызданды

Зордуктоо үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган адам кыйноолорго арызданды

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун (КР КАУБ) Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери 6-декабрда 161-беренесинин 4-бөлүгүнүн («Жашы жете элек баланы зордуктоо») негизинде өмүр бою эркинен ажыратылган 21 жаштагы А.А кармалып жаткан №5 тергөө абагына барышты.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну КР КАУБнын өкүлдөрү менен баарлашып жатып, бул кылмышты жасабагандыгын билдирди. Абактагынын айтымында, ал кыйноого кабылып, 10 жаштагы кызды зордуктабаса да, күнөөнү моюнга алууга аргасыз болгон.

Айтымында, аны сурак маалында кыйнап, аялдардын ич кийими кийгизишип, эгер күнөөнү моюнга албаса, аны ачыкка чыгарабыз, деп коркутушкан жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын бурмалашкан.

Кыйноолор боюнча билдирүү