КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Токтогул районунун РИИБнин убактылуу кармоочу жайы кармалгандардын укугун бузуп жатат

Токтогул районунун РИИБнин убактылуу кармоочу жайы кармалгандардын укугун бузуп жатат

Кыргызстандагы кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу М.Апсатаров атайын тартылган эксперт Н.Раимжанов менен биргеликте 27-июлда Токтогул РИИБнин Токтогул районунун РИИБнин убактылуу кармоочу жайына пландан тышкары профилактикалык иш сапары менен барышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында адистер кармалгандардын укугунун бузулушу боюнча бир нече фактыларды аныкташты.

Токтогул райондук соту кармалгандардын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүндө кабыл алганы аныкталган, андан кийин алар Ош шаарындагы №5 тергөө абагына которулушу керек болчу. Бирок, алар убактылуу кармоочу жайда 48 сааттан ашык, ал тургай айына 10 күндөн ашык убакытка  чейин камакта кармашкан. Тактап айтканда, абактын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин «Кылмышка шектүү жана кылмыш жасаган делип айыпталган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө » талаптары аткарылган эмес.

«Мыйзамга боюнча, айыпталуучу тергөө абагында кармалып турган шартта, тергөө аракеттерин жүргүзүп, иштерди соттордо кароого болот. Эгерде мындай шарттар болбосо, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга айына 10 күндөн ашпаган мөөнөткө которулушу керек. Андыктан, кармалгандар эмне үчүн Токтогул районунун РРИИБнин  убактылуу кармоочу жайынан №5 тергөө абагына жеткирилбегендигин аныктап, мындай фактыларды жасаган адамдарды жоопко тартуу керек »,-деп баса белгилейт кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору.

Мындан тышкары, убактылуу кармоочу жайга түшкөндө адамдар милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү керек. Бирок, кармалгандардын өздүк делолорун кароо учурунда Д.М. менен К.К. медициналык справкалары болгон эмес, медициналык справкаларынын бланкалары толтурулган эмес. «Бул убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабайт дегенди билдирет.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 45-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, “шектүүнү убактылуу кармоочу жайга же тергөө абагына алынып келинген сайын, ошондой эле ал, анын жактоочусу же жакын туугандары орой мамилеге, кыйноого же зомбулукка байланыштуу арыз жазышса, тергөө органдарынын кызматкерлерине карата тиешелүү документ түзүлөт,  ал эми арыз ээси өзү убактылуу кармоочу жайынын администрациясынын көзөмөлү астында милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтөт.

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайынын ички тартиби жөнүндө” 1.9-беренеге ылайык, камакка алынгандар камакка алынардан мурун милдеттүү медициналык кароодон жана санитардык тазалануудан өтүшөт. Токтогул районунун РИИБнин убактылуу кармоочу жайында бул жагынан да бузуулар катталган », – деп жыйынтыктады улуттук борбор.

Ошондой эле, адистер башка адам укуктарынын бузулгандыгын жана камактагыларга карата адамгерчиликсиз мамилелерди аныкташты. 16 кишиге ылайыкталган убактылуу кармоочу жайында 18 адам кармалган, алардын экөө жерде жатышкан. “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайларынын ички эрежелери” 2.3-беренесинде “камерада отурган ар бир адам үчүн санитардык зонанын көлөмү 3,25 чарчы метрди түзүшү керек” деп жазылган.

Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Улуттук борбордун кызматкерлери эркиндигинен ажыратылган же кыймылы чектелген адамдарды кыйноолорун жана катаал мамиле  кылууларын териштирүү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн прокуратурага билдирүүгө милдеттүү.

 

Кыйноолор боюнча билдирүү