КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолорго каршы күрөшүү борбору өнөктөштөр менен адам укуктарын коргоо жаатындагы иштерди талкуулады

Кыйноолорго каршы күрөшүү борбору өнөктөштөр менен адам укуктарын коргоо жаатындагы иштерди талкуулады

КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) жетекчиси Бакыт Рысбеков жетектеген кызматкерлер Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында өнөктөштөр менен адам укуктарын коргоо жаатындагы абалды талкуулоо үчүн бир катар жолугушууларды өткөрүштү.

КР КАУБнун өкүлдөрү укук коргоочулар, Борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрү, жактоочулар, БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жана «Луч Соломона» КФнун өкүлдөрү менен жолугушту. Мындан тышкары коргоо жана укук тартиби бөлүмүнүн башчысы жана акыйкатчынын Аппаратынын түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушушту.

Талкуунун жүрүшүндө өз ара аракеттенүү маселелери көтөрүлүп, кийинкиге карата тапшырмалар белгиленди.

КАУБнын жетекчиси Бакыт Рысбековдун иш сапары 1-ноябрда жергиликтүү «Ош ТВ» телеканалынын эфири аркылуу сөз сүйлөөсү менен аяктады.

Кыйноолор боюнча билдирүү