КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Улуттук борбордун өкүлчүлүгү иш-чара өткөрүүдө

Улуттук борбордун өкүлчүлүгү иш-чара өткөрүүдө

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Ыссык-Көл областындагы өкүлчүлүгү «кыйноолого каршы күнүнө» карата саясатын жайылтуу максатында «Татаал жөнүндө жөнөкөй тил менен» аттуу маалыматтык конференциян өткөрүүдө.

Аталган конференцияга КР Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгү, прокуратура, милиция органдарынын маалымат – түшүндүрмө жана «Спектр» социалдык укуктук борбор коомдук бирикмесинин, кампаниясынын катышуусу аркылуу, Ыссык-Көл областынын район, шаарларында орто мектептеринде жана коледждеринде өтүүдө.

Мектептердин жогорку класстарынын окуучулары бул иш-чаранын алкагында өтүп жаткан, адам укуктарынын негиздери менен кенен таанышууда жана ой бөлушүүдө.

Иш-чаранын башкы максаты болуп мектеп окуучуларынын жана жаштар арасындагы «укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана калк арасында укуктук билимдерин жайылтуу болуп саналат».

Жогоруда аталган иш-чара башкы демилгечилердин бири «Кыргызстандагы кыйноолорго каршы Коалициясы» тарабынан жүргүзүлүүдө.

 

Кыйноолор боюнча билдирүү