КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин коммерциялык эмес уюмдардан мүчөлөрү бекитилди

Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин коммерциялык эмес уюмдардан мүчөлөрү бекитилди

2020-жылдын 26-майында Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешине коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана мүчөлөрдү тандоону жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешине коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана мүчөлөрдү тандоону жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы жана жумушчу комиссия тууралуу Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 3456-VI токтому менен бекитилген.

Коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлерди тандоонун жыйынтыгы боюнча Жумушчу комиссия Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төмөнкү мүчөлөрүн коммерциялык эмес уюмдардан бекитти:

  1. Абдураупова Мухайехон Эркинжановна, «Позитивный диалог» коомдук фондунун өкүлү;
  2. Ахметов Мирдин Алыкулович, «Защитник прав и свобод человека» коомдук фондунун өкүлү;
  3. Багишбеков Сардарбек Сайдбекович, «Голос свободы» коомдук фондунун өкүлү;
  4. Саутова Индира Ходжахуновна, «Лигал Просперити» коомдук фондунун өкүлү;
  5. Сыдыков Айдар Жумабаевич, «Центр защиты общественных интересов» коомдук фондунун өкүлү.

Төмөнкү шилтемеде жумушчу комиссиянын 2020-жылдын 26-майындагы жыйынынын протоколунун көчүрмөсүнүн сүрөтү тиркелет

Кыйноолор боюнча билдирүү