КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Ошто адам укугун коргоо жаатындагы иштери үчүн укук коргоочуларга ыраазычылык билдиришти

Ошто адам укугун коргоо жаатындагы иштери үчүн укук коргоочуларга ыраазычылык билдиришти

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү 8-декабрда кыргызстандыктардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кошкон салымы үчүн укук коргоо уюмдарына ыраазычылык каттарын тапшырды. Иш-чара 10-декабрда жыл сайын бүткүл дүйнөдө белгиленүүчү Адам укуктарын коргоо күнүн урматына карата уюштурулган.
Ыраазычылык каттарын Кыргызстандын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамбетали Касымов жана “Эдвокаси адам укуктары боюнча борбору” бейөкмөт уюмунун төрагасы Жеңишбек Төрөевдер алышты.

Кыйноолор боюнча билдирүү