КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Өзгөн районунда жашы жете элек өспүрүм бир айга жакын убактыттан бери убактылуу кармоочу жайда жатат.

Өзгөн районунда жашы жете элек өспүрүм бир айга жакын убактыттан бери убактылуу кармоочу жайда жатат.

Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КР КАУБ) Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 20-августта Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы ИИБнүн убактылуу кармоочу изоляторлоруна атайын кароо иши менен барышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, КР КАУБ өкүлдөрү анда кармалгандардын кармоо шартында мыйзам бузуулардын бар экендигин аныкташты.

Эксперттердин маалыматына караганда, Өзгөн райондук ИИБнын изоляторундагы камерада төрт адам отурат. Мыйзам боюнча, ар бир адамга таандык санитардык аянттын өлчөмү 3,25 чарчы метр болушу керек, бирок иш жүзүндө бир адамга 2,30 чарчы метр гана бөлүнгөн.

Мындан тышкары, “камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамдын 9 -беренесине ылайык, жашы жете электерди камакта кармоо мөөнөтү 10 күндөн ашпоого тийиш болгонуна карабай, жаш өспүрүм К. уулу Н. камерада 25 күндөн бери отурат.

Кара-Кулжа районунун убактылуу кармоочу жайынын санитардык абалы талапка жооп бербейт. Мекеме кир. Эрежелерге ылайык, дубалдын бети жылмакай болушу керек болгонуна карабай, “шуба кийгизилип” шыбалган. Бөлмөлөрдө дезинфекциялык чаралар ушул жылдын 16 -июнунан бери жүргүзүлгөн эмес.

Мыйзам бузуу фактылары боюнча КР КАУБнын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери акт түзүшти, эми ал тиешелүү органдарга тасир этүү үчүн жөнөтүлмөкчү.

Кыйноолор боюнча билдирүү