КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноого каршы күрөшүүчүлөр ЕККУнун өкүлдөрү менен адам укуктарын коргоо чөйрөөсүндөгү абалды талкуулашты

Кыйноого каршы күрөшүүчүлөр ЕККУнун өкүлдөрү менен адам укуктарын коргоо чөйрөөсүндөгү абалды талкуулашты

9-декабрда Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун (КР КАУБ) Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн мекемесинде адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата ЕККУнун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Ага КР КАУБ тараптан, аймактык өкүлүнүн м.а. Улугбек Абдулазимов, эксперт Улан Бакиров, Координациялык кеңештин мүчөлөрү Мухае Абдураупова жана Бакыт Мойдуновдор катышышты.

Коопсуздук маселеси менен алектенген уюмдун курамын төмөнкүлөр түзүштү: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов, улук саясий кеңешчи Юрий Фенопетов, адамдык өлчөө боюнча Депортаменттин башчысы Николас Мазик, улук катчы Руслан Бурханов жана улук программалык ассистент Айсулуу Кадыралиева.

«Жолугушууда кыйноолорго байланыштуу жагдай жана адам укуктарын коргоо жаатындагы маселелер талкууланды. Биз борбордун кыйноолорду жана катаал мамилени болтурбоо боюнча жүргүзүп жаткан чаралары, жабык мекемелерде жаткан адамдарды кармоо шарттарын жакшыртуу тууралуу талкууладык” – деп, билдирди КР КАУБнын Ош жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлүнүн м.а. Улугбек Абдулазимов.

Эки тарап тең кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз, кадыр-баркты басмырлаган мамилени же жазалоону болтурбоо үчүн адам укуктарын коргоо жаатында жемиштүү кызматташууну мындан ары улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кыйноолор боюнча билдирүү