КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Ошто мектеп окуучуларына жана студенттерге адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу маалымдалды

Ошто мектеп окуучуларына жана студенттерге адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу маалымдалды

Оштогу мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жана ЖОЖ студенттери үчүн, жыл сайын 10-декабрда дүйнө жүзүндө белгиленүүчү Адам укуктары күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (КР КАУБ) жана Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлдөрү мектеп окуучулары жана студенттер менен жолугушууларды өткөрүштү.

Алгачкы иш-чара бир күн мурда, 1-декабрда Ош облустук У.Салиева атындагы мектеп-интернатында өттү. 10-11-класстын окуучуларына улуттук борбордун ишмердүүлүгү, республикадагы жабык мекемелер менен иштөө жана КР КАУБ өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү жардамдар тууралуу айтып беришти.

“Жолугушуу “суроо-жооп” форматында уланып, абдан кызыктуу талкууга айланды”,-дейт Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлүнүн м.а. Улугбек Абдулазимов.

Ал эми бүгүн 2-декабрда, Акыйкатчы институту менен биргеликте Ош мамлекеттик университетинде да иш-чара болуп өттү. Жолугушууга бардык факультеттердин студенттери келип катышышты. ОшМУнун студенттери адам укуктарын коргоо чөйрөөсүндөгү жагдай, өлкөнүн бул жаатта өзүнө алган эл аралык милдеттенмелери жана Кыргызстан мүчө катары катышкан эл аралык келишимдер менен таанышып чыгышты.

Кыйноолор боюнча билдирүү