КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Талас областында адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

Талас областында адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

Талас облусунда БУУнун Башкы Ассамблеясынын сунушу менен 1950-жылдан бери, жыл сайын 10-декабрда белгиленип келе жаткан Адам укуктарынын эл аралык күнүн белгилөөгө карата иш-чаралар болуп өттү.

Бул датага арналган бир айлыктын алкагында, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун аймактык бөлүмүнүн башчысы Нурлан Абдыраимов жана Акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлү Жакшыгүл Узакбаева «Актуалдуу маек» аттуу облустук телекөрсөтүүгө катышышты.

Студиянын коноктору бул майрамдын тарых-таржымалына токтолуп, адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынышы тууралуу айтып беришти. Бул эки укук коргоочу уюмдун өкүлдөрүн телекөрсөтүүгө катышып, жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын жарыялоосу кийинки кезде жакшы саамалыкка айланган.

Ошондой эле 24-26-ноябрдын аралыгында Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун (ИСИТО) Таластагы филиалында, Талас мамлекеттик университетинин алдындагы колледжде жана Талас облустук медициналык колледжинде студенттер үчүн көчмө лекциялар өткөрүлдү. Мындан сырткары, 8-декабрда КР УКМКнын Чек ара кызматынын №2029 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлер менен да жолугушуу уюштурулду.

Бул лекцияларда улуттук борбордун аймактык өкүлү облустагы жабык мекемелердеги көйгөйлөргө кеңири токтолуп, жыйындын катышуучуларын башка адамдардын укугун бузбоого, мыйзамсыз аракеттерге барбоого жана өздөрүнүн укуктары менен милдеттерин биле жүрүүгө чакырды.

Кыйноолор боюнча билдирүү